Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ички иликтөө кызматы №1 түзөтүү мекемесинин ыкчам кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын негизинде, 2020-жылдын 7-августунда болжол менен саат 09.50 чамасында №1 түзөтүү мекемесинин көзөмөл өткөрүү пунктунда мекеменин медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы Т.З кармалып, текшерип-кароо учурунда анын колундагы эки даана баштыктын ичинен өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү, салмагы болжол менен 2 кг.975г. баңги зат табылып, алынды.
Азыркы учурда аталган факт КЖБРдин Маалыматты эсепке алуу журналына №02-861-2020-000008 номери менен катталып, ЖАМКнын тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ