Өткөндөгү президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген Манасбек Арабаев деген жигит “жетекчиликтин ишениминен кетти” деген жүйө менен 2018-жылдын 15-майында кызматынан бошотулган. Анан калса анын дарегине кызматта турганда «соттук иштерге кийлигишет» деген дооматтар катуу эле айтылып келген. Жакында коомчулук арасында ошо Манас Арабаевге кылмыш иши козголуптур деген маалыматтар да тараган эле. Бул боюнча «М. Арабаевге карата кылмыш иши козголгону боюнча маалымат чындыкка дал келбейт» деп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ