Menu

КСДП президенттик шайлоого Сооронбай Жээнбековдун талапкердигин алып чыгат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-майда өткөн КСДПнын Саясый кеңешинин жыйыны быйыл 15-октябрда өтүүсү болжолдонуп жаткан президенттик шайлоодо азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкердигин алып чыгуу чечимин кабыл алды.

Эми июнь айында өтүүчү КСДПнын съездинде Сооронбай Жээнбековдун талапкердиги делегаттар тарабынан бекитилип, өзү премьер-министрлик кызматтан отставкага кетет да шайлоо кампаниясы менен алектенет.

Сооронбай Жээнбеков Алмаз Атамбаевдин эски досу. 2007-жылы апрелде президент Курманбек Бакиев Алмаз Атамбаевди премьер-министрликке түрткөндө Атамбаев досу Сооронбай Жээнбековду Айыл чарба министри кызматына түрткөн. Бирок, 6 айдан кийин экөөсү тең кызматтан кетүүгө мажбур болушкан. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков 3 жылдай кызматсыз калган.

2010-жылы 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Атамбаев Сооронбай Жээнбековду Ош облусунун губернатору кызматына алып келген.

2016-жылы мартта  Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун премьер-министр кызматына шайлануусуна жетишкен.

2017-жылы октябрдагы президенттик шайлоого да КСДПдан талапкер катары Сооронбай Жээнбеков КСДПнын саясый кеңеши тарабынан Атамбаевдин жеке көрсөтмөсү аркылуу бекитилгени айтылууда.

Ошол эле учурда КСДПнын катардагы эски мүчөлөрү Алмаз Атамбаевдин тандоосуна нааразы болушуп, президенттикке КСДПдан альтернативдүү талапкер катары Сагынбек Абдрахмановдун талапкердигин алып чыга тургандыгын жарыялашты.

Ошондой эле КСДПнын жаңы мүчөсү, парламенттин спикери Чыныбай Турсунбековдун да президенттик амбициясы ашынып, “мен да жарышка чыгам” деп жулунууда.

Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун дымагы андан да ашып түшөт. Ал “эгер КСДПнын саясый кеңеши президентикке менин талапкердигимди көрсөтпөсө анда мен өз талапкердигимди өзүм көрсөтөм” деп оолугуп жатканы айтылууда.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: