19-май күнү «Ала-Too» ресторанында РАЖ фракциясынан депутат Руслан Казакбаев 50жылдык юбилейин дүңгүрөтө өткөзгөнү турат. Эске сала кетсек, Руслан мырза жаш кезинен атайын кызматта такшалып, полковник чин даражасына чейин өсүп, андан соң ТИМде бир канча жыл орун басар болуп, кийин министрлик кызматты да аркалаган. Учурда Өмүрбек Бабановдун республикалык штабын башкарып, партиянын «моторуна» айланганын мойнубузга алышыбыз керек. Тамашалай чапсак, көп кыздардын сүйүүсүнө Казакбаевдин 50гө чыгып калганы деле тоскоол болбосо керек. «Эр ортону элүү жаш» дейт, мааракеңиз кут болсун! Дагы далай жибектей созулган периштелердин жүрөгүнө чок салып, чыйрак мүнөзүңүздөн жазбай жүрө бериңиз!
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ