Menu

Шавкат Мирзиёев кийинки аптада Түркияга барат

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев октябрдын соңунда Түркияга расмий сапар менен барат. Маалыматтарга караганда, 25-27-октябрга белгиленген сапар Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен ишке ашат.

Акыркы жолу эки өлкө лидерлери 10-сентябрда Илим жана технология боюнча Ислам кызматташтык уюмунун Астанадагы саммитинде жолугушкан. Сүйлөшүү учурунда соода-экономикалык, инвестициялык жана туристтик тармактардагы кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланган.

Буга чейин Шавкат Мирзиёев Түркия жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү боюнча токтомго кол койгон. Эми түрк жарандары чакыруусуз үч күн аралыгында виза ала алышат.

Учурда Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 1,2 миллиард долларды түзөт. Буга чейин түрк курулуш компаниялары Өзбекстанда 110дон ашуун долбоорду жүзөгө ашырышкан. Мындан тышкары Өзбекстандагы түрк компанияларынын инвестициялары 1,2 миллиард долларды түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: