Menu

Ошто жол тескөөчүнү унаанын капотуна сүйрөп кеткен журналист окуя тууралуу өз версиясын айтты

Бөлүшүү:

Ош облусундагы “Нур” телеканалынын журналисти,”Эмгек” партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Жылдыз Бекбаева кечээ, 12-мартта жол тескөөчү менен болгон чыр чатак боюнча өзүнүн версиясын айтты.

Ал шаардын борборундагы гүл саткан дүкөндүн жанына унааны токтотууга болбойт экенин билдирген.

“Ал жерге машина токтотууга болбойт экенин билгем, бирок мен унаамды гүл саткан дүкөндүн жанына токтотуп, ары жактан гүл алып келип инспектордон кечирим сурадым. Мен кызымдын концертине шашып жаткандыктан аны менен урушайын деген оюм жок болчу. Башка күнү сүйлөшөлү, мени койо берип койунуз деп сурандым. Бирок ал видеого тарта баштады”,- дейт ал.

Негизи жол эрежелери боюнча унаа токтотууга тыюу салынган жерлерге айдоочу токтоп суу, дары ичкенге болоорун, ошондуктан бир мүнөткө токтогонун кошумчалаган.

” Мен унаамды артка айдап жатсам жол тескөөчү машинанын капотуна жатып алды. Машинадан чыгып анын жасаган кылыгына жиним келип уруша баштадым. Ошол учурда ага телефондон чалуу келип, “бошотпо” деген буйрук берилди”,- дейт Бекбаева. Андан кийин ал машинасын айып короосуна токтото берүүлөрүн айткан. Бирок жол тескөөчү аны коё берген эмес.

” Ал менин колумду кайрып, күч менен кармап турду. Андан кийин мен унаамда  тергөө командасын күтүп отурдум. Ошол учурда бир аял келип чыр чыгара баштады. Мен ойлойм бул иш шайлоонун алдында атайылап жасалган деп. Мени бирөө коркутуп жатат, эмнеге антип жатканын билбейм. Мага башка партиялардан дагы сунуштар түшкөн, бирок мен ушул партияны тандап алгам”,- деп Жылдыз Бекбаева сөзүн жыйынтыктады.

Эскерте кетсек, 12-мартта Ош шаарынын Гапар Айтиев жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишинде жол тескөөчү  Бексултан Ташкулов менен журналист Жылдыз Бекбаеванын ортосунда жаңжал чыккан. Окуядан кийин инспектор Бексултан Ташкулов милицияга арыз жазганын кабарлаган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: