18-июлга белгиленген Ош шаарынын мэрин шайлоого карата Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк башкаруучу коалиция күтүлүп жаткандай эле өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Таалай Сарыбашевдин талапкердигин Ош шаарынын мэрлигине көрсөттү. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.
Көпчүлүк башкаруучу коалицияга кирген бийликтеги КСДП фракциясынын шаардык кеңеште 16 депутаты бар, “Бир Бол” фракциясынын 5 депутаты жана “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын 6 депутаты бар. Ал эми оппозициялык “Кыргызстан” фракциясы 9 депутатка ээ жана Ош шаарынын мэри кызматына алар да өзүнчө талапкер алып чыгары айтылууда . “Республика Ата-Журт” фракциясы 5 депутатка ээ жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы 4 депутаты менен мэрлик кызматка талапкер чыгарышпай турганын айтышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ