Menu

Конгантиевди Таластан өкүл баласы, көкбөрүчү Чаткал куткарып чыккан

Бөлүшүү:

2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги ИИМ министри Молдомуса Конгантиевди Талас элинин барымтасынан Чаткал аттуу өкүл баласы алып чыгып кеткендиги маалым болду. Бул тууралуу бизге таластык жигиттер айтып беришти. Таласта аттын кашкасындай таанымал, Көкбөрүнүн ошол кездеги жетекчиси Чаткал өзүнүн достору менен келип, “Конгантиевди бизге бергиле, өзүбүз жазалайбыз” – деп, элди алаксытуу жолу менен чыгарып кетишкендигин, кийин Конгантиевди куткаргандыгы үчүн чоң суммадагы акча алгандыгы боюнча Таласта сөз тарап, нааразы болгон жергиликтүү спортсмен жигиттер Чаткалды токмоктоп кетишкен экен. Ошондон бери Чаткал элге аралашпай, өз арбайын өзү согуп калган дешет. Ал эми Конгантиевдин тарапташтары, “Конгантиевдин акчасын Болот Шер алган” деген сөз чыгарып жиберишти. Болот Шер камакта жатса кантип Конгантиевди куткарат эле?

Булак: “Ачык саясат” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: