Menu

Жалал-Абадда быйыл кызамык оорусу катталган жок

Бөлүшүү:

Аба аркылуу соо адамга жугуп, бардык жаштагы кишилерге, айрыкча 2-10 жашка жаштагы балдарга коркунучтуу болгон кызамык оорусу менен ооруп калган учурлар быйыл Жалал-Абад шаарында, ошондой эле бүтүндөй областта катталган жок. Бул тууралу Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Хадича Пратова билдирди.

Анын айтымында, 2015 жылы кызамык оорусу менен ооуп калуунун 452 учуру катталса, анын ичинен чоңдор арасында 201, ал эми жаш балдар арасында 251 учур байкалган.

-Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кызамык оорусу менен жарандарыбыздын ооруп калуусу катталган жок. Бул медицина мекемелери тарабынан такай алдын алуу иштеринин жүргүзүлүп турганы менен түшүндүрүлөт.  Ак халатчандарыбыз эл арасында, айрыкча мектептерде, окуу жайларында алдын алуу иштерин алып барышты. “Ден-соолук” комитеттери менен бирге  атайын  семинарлар уюштурулду, – дейт ал.

Эске сала кетсек, ошол эле областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун билдиришинче, быйылкы жылы энелердин өлүмү да Жалал-Абадда катталган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: