Menu

Бексултан Жакиев мектеп окуучуларына Манас менен Каныкейдин ачык сүрөттөлгөн “төшөк кумарын” окутабы?

Бөлүшүү:

Учурда Билим берүү министрлиги тарабынан мектеп окуучуларына окутуу үчүн бекитилип берилген китептердин сапатына, маани-маңызына көңүл бөлгөн орган жок. Деги эле мектеп окуучулары кандай китептерди окуп жатышат деген суроо туулат. Азыркы тапта интернет айдыңында Бексултан Жакиевдин авторлугу астында жарыкка чыгып, Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилип берилген Манас эпосу деген китеп тууралуу чоң талкуу, талаш-тартыш маселе болуп жатат. Бул китеп мектеп окуучуларына окутулуп жатабы же катылып жатабы? Китептин ичинде Каныкей менен Манастын махабат түндөрү ачык сүрөттөлүп берилген экен. Мектеп окуучулары ушундай китепти окуп жатышабы, ата-энелер балдарынын эмне билим алып жатканына кызыгабы? Өспүрүм курактагыларга эр Манастын Каныкей менен төшөк кумарына баткан баяндарын окуу парзбы? Министр Гүлмира Кудайбердиева бул маселеге кандай карайт? Же ага да баары бирби? Уят го ыя? Кыргыз тилдүү китептерге атайын өкмөттүн казынасынан 3 миллион сом бөлүнүп, анын натыйжасы мына ушул “төшөк кумары” болсо, анда жыргаптырбыз.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: