Menu

Жалгыздыктан жапа чеккен карыларга кандай камкордук керек?

Бөлүшүү:

Жылдан жылга улгайган адамдардын көбөйүшүнөн улам алардын жашоо шартын жакшыртуу, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү маселеси күн тартибине коюлуп, актуалдуулугу артууда. 

Улуттук статистикалык комитети Кыргызстанда 348 миң улгайган адам жашарын маалымдаган. Бул өлкөнүн калкынын 5,2 пайызын түзөт (2022-жыл). БУУнун болжолу боюнча, бул тенденция республикада болжол менен 2030-жылы байкалат, анда 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындашы белгиленет.

БУУнун жаш классификациясына ылайык эгерде калктын жалпы санында 65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын үлүшү 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет. Эгерде 4 пайыздан 7 пайызга чейинки чектерде болсо – калк карылыктын босогосунда. 7 проценттен жогору болсо, калк карыган болуп эсептелинет.

Бул статисканы көрүп учурдагы “Кыргызстандын аймагында улуу муундун өнүгүшү, жашоо шартын жакшыртуу, аларды камсыздоо үчүн кандай мекемелер, иш-чаралар бар?” деген суроо туулушу мүмкүн. Эгерде сиз да бул суроолорго кызыгып Google, ютуб ж.б социалдык тармактарга кайрылсаңыз, анда тиркемеңиздеки биринчи он жооптун жыйынтыгы “карылар үйү” деген сөз айкалышы чыгат. Ал эми коомдун бул мекемеге болгон жалпы мамилесин ачыктасак, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаевдин айтканынан байкасак болот: 

Бишкек шаарында карылар үйүндө 226 кары жашаса, анын 45 пайызы кыргыз улутундагы карылар жана чоң энелер. Кыргыздар качан ушинтип жашаган? Кыргыздар карыган ата-энесин эч качан ташташкан эмес!”, – дейт депутат.

Бул сөздөрдүн түпкүрүндө “кыргыз коому ата-энесин өзү багып, камсыздап, карайт” деген маани жатат. А бирок элдин негизги бөлүгү каражат табуу, билим алуу өңдүү себептеринен көп убакытты жумушта, окуу жайда өткөрүүгө тийиш. Бул жагдайды эске алганда ата-эненин жашоосун сапаттуу, кызыктуу өтүүсүнө шарт түзүп берүү зарылчыгы чыгат. Анткени бул жашта улуу муун өзүн жалгыз сезүү ыктымаалы чоң. Алардын себептерин 40 жылдан бери психолог болуп иштеген Гулайша Ташыбаева ачыктап берди:

“Бардык жаш курактардагыдай эле улгайган, пенсияга чыккан адамдардын психологиялык абалынын оорлошу, депрессияга, стресске түшүү ыктымалдыгы бар. Анткени, алар өздөрүн жалгыз, керексиз сезиши мумкун. Финансылык каражаттарынан көйгөй пайда болсо, бул маселени чечүүгө алсыз болуп калгандары үчүн өздөрүн жемелешип, пенсияга чыккандан кийин өзүнүн бир статусун жоготкондугу үчүн капаланышат”,- дейт Гулайша айым.

Психолог жалгыздыктын бир нече себептерине токтолду:

  1. Бойго жеткен балдар өз көйгөйлөрүн чечүү үчүн ата-энесинин үйүнөн чыгып кеткенде, алар менен аз сырдашат,

    2. Жакындарын, досторун жана эски тааныштарын, жоготкондо,

  1. Убакыттын өтүшү менен улгайган адам ден соолугунун начарлап баратканын жана өлүм тууралуу ойлонгондо  жалгыздыктан коркуу сезими күчөйт. Ошондуктан, кары адамдын жанында жардам бере турган, колдоо көрсөтө турган адам болушу абдан маанилүү.

Башка пикирлерде улуу муунду биз индивид, өзүнүн кызыкчыгы, каалоосу, кыялдары бар инсандар катары кабыл алып, аларга ыңгайлуу болушу үчүн көйгөйлөрүн чечүү жолдорун издөөгө аракет жасашыбыз керек. Бир жолун сиздерге 1962-жылы төрөлгөн Анар Мадалиева айтып берсин: 

“Мен өзүм “Алтымыштан кийин жашоо жаңы башталат!”, – деген ураан менен жашайм. Францияда болгон тажрыйбамды айтсам, 2015-жылдары мен Парижге кичинекей Анардын кыялын орундатуу үчүн сапар тарттым. Төрт жыл ичинде француздардын ой-жүгүртүүсүн, баалуулуктарын, салттарын үйрөнүп, биздин мамлекет менен айырмачылыктарын көрө алдым. Франция менен Кыргызстанды салыштырганда ал өлкөдө пенсияга чыккан адамдарга бардык шарттар курулган экен. Алардын дайыма өздөрүнө кызык бир иш-аракеттер менен алек болуп жатканын көрөсүң. Франциядагы ыктыярчылар карыларды көргөзмөлөргө, сейилдөөлөргө чыгарышып, окуу жайлар ар түрдүү темалар боюнча чейрек сайын лекцияларга катышууну сунуштап, санариптик технологияларды жакшы билбеген, бирок үйрөнүүнү каалагандар үчүн атайын улуу муунга арналган бекер курстарды ачып коюшуптур.”

Жогоруда айтылган мүмкүнчүлүктөрдү биз дагы Кыргызстанда карыларды коомго социалдаштыруу менен эки муундун ортосундагы түшүнбөстүктөрдү азайтыш үчүн, алардын жаңы тендецияларга кызыгуусун арттыруу максатында колдонсок болот. Ал эми карыларды жалгыздыктан арылтуу, коом менен аралашуу үчүн экинчи чечим дагы бар. Башка мамлекеттерге ачылып баштаган карылар үчүн бала бакчалар тууралуу уктуңуз беле? Бул тууралуу Санкт-Петербургда карылар үчүн «Опека» пансионаттарынын негизделген мекеменин сайтында төмөнкүдөй мүнөздөмө берилет: 

“Карылар үчүн бала бакчалардын негизги идеясы – улгайган жана жалгыз бой адамдарды керектүү социалдык жана медициналык жардам ала турган, бош убактысын үйдөн туруктуу чыкпай, карылар үйүнө көчпөстөн өткөрө турган жай менен камсыз кылуу. Чоңдор үчүн бала бакчаларда санитардык жардам гана албастан, көңүл ачууга, психолог менен баарлашууга же экскурсияга чыгууга да болот.

Карылар үчүн бакча менен карылар үйүнүн айырмасы:

Бала бакчага кары адам күнүгө келет, бирок ал жерде түнөбөйт. Чынында, мындай мекемелер туруктуу жашоо мүмкүнчүлүгүн бербейт, алар туугандарынын кароосу жок калган карыга күндүзү бардык зарыл жардамдарды ала турган жайды гана түзүшөт. Бул мекеме кичинекей балдар үчүн салттуу бала бакчадай эле артыкчылыктарга ээ. Мындай мекеме эс алуу жана реабилитациялык программалар менен айкалышкан жумуш күнүндө карыларга кесиптик кам көрүүнү уюштурууга эң сонун мүмкүнчүлүк. Өзгөчө маанилүү нерсе, улгайган адамдын борбордогу теңтуштары менен гана эмес, жакындары менен да тынымсыз баарлашуу мүмкүнчүлүгү бар, анткени үйдөн жана үй-бүлөсүнөн бөлүнүү жок. Бул карыянын туруктуу психологиялык абалын сактоодо зор роль ойнойт.”, – деп жазылат мекеменин сайтында. 

Жыныйтыктап айтканда, карылар үчүн бакчалар негизинен карылар үйүнө ата-энесин бергиси келбей, бирок жетиштүү убакыт бөлө албай жаткандарга, деги эле улуу муунга өзүнүн сырдаштарын табууга, көңүлдүү убакыт өткөзүүгө жаңы шарт түзүп берет. Окуу жайлардын аларга жаңы нерселерди үйрөтүү каалоосу муундар арасындагы талаш-тартыштын жоюлусун камсыздайт.  Психологдор айткандай жалгыздык сезимден арылтып, стресске, депрессия түшүү ыктымалдыгын азайтууга жардам берет.                        

Аида Замирбекова, 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмунүн студенти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: