Menu

«Баатыр эне» ордени менен сыйланган аскер кызматындагы жана укук коргоо органдарындагы энелердин пенсиясына 1000 сом кошулат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Исмаилова А.Ж., Асылбаева Г.К., Бакчиев Ж.А., Иманалиев К.К., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Субанбеков Б.Ж., Туманбаева Р.М. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

3-окуудагы мыйзам долбоорун Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова алып чыкты.

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга ылайык «Мать-героиня» же «Баатыр эне» ордендери менен сыйланган энелер үчүн пенсияга эсептешүү көрсөткүчүнүн 1000 проценти өлчөмүндө (1000 сом) кошумча төлөп берүү каралган. Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен «Мать-героиня» же «Баатыр эне» ордендери менен сыйланган энелер үчүн пенсия менен камсыз кылуу маселеси «Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» мыйзам менен жөнгө салынат, бирок мындай жогорудагыдай төлөө каралган эмес. Сунушталган мыйзам долбоордо аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичиндеги пенсионер аялдарга карата да тиешелүү кошумчаны төлөп берүү жөнүндө ченемди жайылтуу сунушталат.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: