Menu

Жалал-Абадда бир нече уурулук жасап, жаш кызды карактаган шектүү кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында бир нече уурулук жасап, жаш кызды карактаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

15-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирине медициналык маска тагынган 2 азиат улутундагы болжол менен 20-25 жаштагы балдар киришип, сатуучуну коркутушуп, мойнуна бычак такап, кассада турган 15 000 (он беш миң) сом накталай акчасын алып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБне, Сузак районунун тургуну 2000-ж.т. К.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган.

Аталган маалымат Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөө тарабынан берилген тапшырманын негизинде Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада шектүү Сузак районунун 1997-ж.т. М.Ф. аттуу тургунун Ош шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен кармашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө, Жалал-Абад шаарынын аймагында 11- 17-ноябрь аралыгында катталган дагы жалпы суммасы 50 000 (элүү миң) сомдук 4 уурулук жасагандыгы аныкталып, ал бул жосундарды өзүнүн кылмыштуу шериги Сузак районунун тургуну 1976-ж.т. М.М. менен бирге жасагандыгы боюнча көрсөтмө берген.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө жана ыкчам издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: