Menu

Президенттикке талапкер Кубанычбек Токтосуновдун кол топтоо баракчалары жараксыз деп табылды

Бөлүшүү:

БШКнын жумушчу тобунун мүчөлөрү президенттикке талапкер Кубанычбек Токтосуновдун кол топтоо баракчаларын жараксыз деп тапты. Бул тууралуу журналисттерге БШКдан кабарлашты.

Маалыматтарга ылайык, президенттикке талапкер Кубанычбек Токтосунов  жалпысынан 30 106 кол тамга тапшырган, анын миңден ашууну жараксыз деп табылган. Ошентип, аны колдогон адамдардын кол тамгалары азайып, 30 миңге жетпей калды.

Белгилей кетсек, буга чейин экономист Кубан Чороев кол топтош үчүн баракчаларды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп кол топтой баштагандыгы үчүн шайлоо жарышынанн четтетилген.

Ошентип, президенттик кызмат үчүн 18 талапкер ат салышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, 14-декабрга чейин БШК талапкерлерди каттоодон өткөрөт. Шайлоо өнөктүгү 15-декабрда саат 08:00дө башталат. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: