Menu

ЮНИСЕФ келет дайым жардамга

Бөлүшүү:

Эл аралык балдар фондунун (ЮНИСЕФтин) өкүлү Афшан Хан айым саламаттык сактоо, билим берүү жана балдарды коргоо багытында жетишилген жыйынтыктарды, ошондой эле 2018-2022-жылдарга жаңы, Өлкөлүк Программанын алкагында Кыргызстан Өкмөтү менен ЮНИСЕФ ортосунда балдар үчүн стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо максатында Кыргызстанга туңгуч иш сапары менен келди. Бул иш сапарынын алкагында Эл аралык балдар фондунун өкүлү Афшан Хан Баткен шаарында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев менен дагы жолукту.

– ЮНИСЕФтин Баткен облусунун аймагында, өзгөчө чек аралаш аймактарда жасаган жумуштары менен тааныштым. Оруканаларды, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн борборлорду, андан ары балдарды коргоо борборлорун тегиз кыдырдым. Албетте, алгачкы жыйынтыктар көңүл кубандырат. ЮНИСЕФ өзү жалгыз мындай жыйынтыктарга жетишүүсү дегеле мүмкүн эмес! Мында жергиликтүү бийликтин колдоосу зор экендигин даана аңдадым, – деди Эл аралык балдар фондунун өкүлү Афшан Хан айым.

Ал эми Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев БУУнун Балдар фонду, балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүүгө, ошону менен бирге алардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, аталган уюм тарабынан облус аймагында жасалган жумуштарга кең-кесири токтолду. Маселен, ЮНИСЕФ Эл аралык уюмунун колдоосу аркасында 2008-жылдан бери 30 жамааттык балдар бакчалары ачылды. Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда балдардын калыптандыруу борборлору жана төрт Жаштар борборлору ишке киришти. Мындан тышкары блустун билим берүү мекемелерине 20 миң китеп берилди.

Жолугушуу соңунда Афшан Хан айым менен Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлү Абиш Халмурзаев Тажикстан жана Өзбекстан Республикалары менен чектеш аймактардагы жаштардын ынтымагын, достугун бекемдөө жаатында дагы чогуу-чараан иштерди алып барууну макулдашышты.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: