Таиланд жана Англиядан келген туристтер Кыргызстандын тоолу аймактарын кыдырып жүрүп, Ош-Бишкек унаа жолунун 451-чакырымында авто унаасы бузулуп, бир нече күндөн бери унаасын оңдой албай туруп калышкан.
Аларды ЖКККББнын Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери көрүшүп, бузулуп калган авто унаасын Таш-Көмүр шаарына чейин кошумча техника менен сүйрөп келип беришкен.
Ал эми, туристтерге тамак-аш, суусундуктарды алып беришкен.
Өз кезегинде туристтер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин көрсөткөн жардамын бийик баалап, рахматын айтып ыраазычылык билдиришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ