Menu

Кудрет Тайчабаров: “Раим миллиард элди бүгүн “беттен ары бир чапты,” башкасын кой, мен ишенген Шыкмаматов менен Жанар Раимдин алдында бийлеп жүрүшөт”

Бөлүшүү:

Ооба, “пощечина” берди. Колуңардан пок келбейт деди. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” деди. Депутаттардын айтымында Раим миллиард чакырганы үчүн барыптыр. Туура, чакырды. Анткени, бул иш чара жылда болот, бирок, мынча саясатчы барчу эмес. Раим булардын баарын чакырып бул жолу элге баары менин колумда. Шайлоодо Икрамдын ордуна мен сатып алганмын, оппозициясы болобу, позициясы болобу баарын каалагандай бийлетип коём. Кел десем келишет. Бас десем басышат, кыргыз эли, силер сүйлөп сүйлөп кала бересиңер деди. Аны баарың байкабай эле баргандарды сындап атасыңар. Алар мойнунан байланган иттер. Кээ бирөөсү акчасын алып алган, кээ бирөөсү 2020-жылкы шайлоонун тизмесин Раим аныктайт, жакшы көрүнүп турайын деп барган. Баардык фракциянын лидерлери барыптыр. Бул деген, кыргыз парламенти Раимдин колунда дегенди билдирет. Керек болсо, кыргыз президенти да Раимдин колунда. Эгер Кыргызстанда ачка калбай жашайбыз десек, Кара-Сууда өскөн пахталарды төшөккө салбай, Раим басчу жолдорго төшөгөндү үйрөнөлү. “Наличка творит чудеса” дейт, карачы бүтүндөй өлкөнү сатып алып коюптур. Жадакалса, эл үмүт кылып, акча алды дегенине ишенбей жүргөн адамдардан бери сатылганын далилдептир.
Дооронбек Садырбаев жөн жерден айтпаптыр, мурдуна бок сүйкөлгөн кыргыз элим, биз али-бери жыргабайт экенбиз. Баарыбыз карызга батып, кредит жашоо мүнөзүбүз болуп, кошомат кадимки көрүнүш болуп, мамлекетти тоногондордун этегине намаз окуп, пулу барды төргө өткөрүп, президент баш болуп Раимге окшогондорго адвокат болуп өтчүдөйбүз. Оппозициябыз Бабанов менен Атамбаев болсо, элибиз миң сомдук болсо, активисттерибиз батыштын жугундукору болсо, келечектен үмүт жок. Баарыбыз тентип эле жан бакбасак, өлкө жыргатчудай эмес. Бүгүн мен үмүттүн акыркы чогуна бата кылдым. Шыкмаматов баш болуп Раимдин тоюнда жүрсө, Жанар жок эле ардагерлерди шылтоолоп актанып атса каяктагы келечек? Эгер ардагерлерди куттуктаганда Жанар дароо сүрөтү менен чыгарып отчет бермек. Жанар кыбыр эткен ишин сүрөткө тарткан мага окшогон адам. Бул актануусун мен жомок катары кабыл алдым. Сенин бул сүрөтүңдү көргөн Улан иним көрүндө бир өкүрдү. Эл арасында Раимдин акчасын алган деген ушактар чындыкка жакындады. Бүгүн бир сүрөт менен келечекке бараткан жолуңду бууп салдың. Бүгүнкү сүрөт менен 2020-жылкы бийликтин “Акжолу”, Жээнбековдун “СДПКсы” көрүндү. Эгер ушуларга бийлик ишенип аткан болсо, “остановите землю, я сойду”. Кыргызстандын келечеги мен үчүн туман. Мендеги үмүт бүгүн өлдү. Мындай нерсеге кайдыгер карай албаган мекендештеримди башка өлкөгө кетип жан бакканга чакырам. Бул нерсе жугуштуу. Балким, кийинчерээк кайра келип талкаланып бүткөн өлкөнү сактап калаарсыңар.
Эмнеге Раим миллиард?
Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы отчетторду салыштырсаңар, Раим миллион эмес, Раим миллиард экенин түшүнөсүңөр. Раим 1 миллион долларын уурдатып ийгенде чиркей чаккандай да кабатыр болгон эмес. Раим үчүн 1 миллион Уланга окшогон журналистке, Жанарга окшогон депутатка тийишпей жүргөнгө сунушталган акча. Же болбосо кашы көзү чийилген белгилүү сулууларды бийлетип, үстүнө чачып ойногон акча. Андыктан, мындай кийин ал кишини капа кылбай РАИМ МИЛЛИАРД деп айтканга чакырам.

Ким ушул сүрөттөрдөн жийиркенип, өлкөнүн келечеги бүдөмүк экенине макул болсо бөлүшкүлө!
Жалил Атамбаев “фейсбукту жаптырып салайынчы, кимдики?” дегендей, Раимдин торпедалары мага чалбагыла, Искендер ака, сол колуңуздун муштумун түйүп, оң колуңуз менен капкак кылбаңыз. Мен баарынын тамагына тыгылган сөөк болом, силер эртең эле унутулуп каласыңар. Кыргыз саясатчыларынын баарынын жүзүн ачпасам болбой калды…

Кудрет Тайчабаров, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: