Кыргызстандагы кылмыштуу топтордун эң күчтүүсү болгон топтун анабашы Камчы Көлбаев менен УКМКнын мурдагы кызматкери Ильяз Амангазиев экөө кайсы бир кечеде сүрөткө түшүптүр. Ал сүрөт интернетке жарыяланып, кызуу талкууга түштү. Ошол эле Амангазиевдин Жантөрө Сатыбалдиев сыяктуу экс-премьерлерди жандап, коопсуздугуна кам көрүп жүргөн сүрөттөрү да жарыяланды. Мындай атагынан чатагы көп чекист былтыр алагүү абалында балдардын бассейине түшөм деп чыр чыгарып, катуу сынга кабылган. Ошондон көп өтпөй кызматтан алынган эле.. Бул чуу жараткан сүрөттөн кийин көпчүлүктө криматалык Камчыкеңдин УКМКда Амангазиев сыяктуу достору көппү деген суроо жаралды. Ал тургай бир топтун Камчыкеңдин достору УКМКда эле эмес, Ак-үй, Көк-үй баштаган баардык мекемелерде да бар деген жыйынтыкка келип турган кези.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ