Menu

Элмурза Сатыбалдиев, Кыргызстандын волейбол федерациясынын президенти: “Элмурза Сатыбалдиевге Апрель окуясы боюнча Аида Касымалиева сыйлык бердиби?”,- дегендерге айтайын, Апрель окуяңар өттү…”

Бөлүшүү:

Жыл сайын Жаңы жыл алдында ММКлардын көпчүлүгү “Жыл мыктыларын” чыгарып, аларга сыйлык тапшырат. “Жетиген” журналы да жылдын мыктыларына сыйлык, диплом тапшыруу аземин өткөрдү. Анда Элмурза Сатыбалдиев да сыйлык менен сыйланып, сүйлөдү.

Анда ал “Жетиген” журналы менен алакасы жоктугун баса белгилеп, аталган журналдын ээсине карап: “Бул сыйлык “Апрель” окуясы боюнча берилип жатабы же волейбол федерациясына берилип жатабы? Эгер спортко берсеңер, анда бул кадамыңарды мен баатырдык деп эсептейм. Себеби, биздин федерацияга берген сыйлыгыңар татыктуу. Жакында эле вице-спикер Аида Касымалиева келип, мага сыйлык берип кеткен. Ошондон да кыр чыгаргандар болду. “Элмурза Сатыбалдиевге Апрель окуясы боюнча Аида Касымалиева сыйлык бердиби?”,-деп. Ошондой дегендерге мен тартынбай айтайын, атым – Элмурза, фамилия – Сатыбалдиев, Апрель окуңар өттү”,-деп ачууланды…

Эске сала кетсек, ушул жылдын 14-декабрында Бишкекте кыргыз волейболунун 90 жылдыгына арналган иш-чара болуп өткөн. Ага катышкан вице-спикер Аида Касымалиева куттуктап, бир катар спорт ишмерлерине сыйлык тапшырган. Элмурза Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин сааты менен сыйланган.

Элмурза Сатыбалдиев 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлигинде башкы прокурор болуп иштеген. Революциядан кийин, Апрель окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга кесилген. 2016-жылдын 31-декабрында мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: