Menu

туризм

Өткөн 2022-жылы Кыргызстанда 2 миллион чет элдик турист эс алган

Кыргыз Республикасында туризм приоритеттүү тармактардын бири болуп саналат. 2022-жылы эс алуучулардын саны 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсеге көбөйүп, 2 млн. адамды түзгөн, алардын ичинен туризмдин уюштурулган секторунда 1,1 млн. адам (1,7 эсеге көп) эс алган. Бул тууралу КР Улуттук статистика комитети билдирет.

2023-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти жүргүзгөн 121,1 миң чарба жүргүзүүчү субъект (юридикалык жана жеке жактар) катталган.  

2022-жылы 441 эс алуу жана туризмди уюштуруу мекемеси, 60 турфирма жана туроператор, ошондой эле эс алуу мекемелеринин аймагында жана алардын аймагынан сырткары жайгашкан 1,3 миң конок үй туристтерди кабыл алган жана тейлеген. 

Көрсөтүлгөн туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн олуттуу бөлүгү Ысык-Көл облусуна туура келди, мында 2022-жылы 1,5 миң эс алуу жана туризмди уюштуруу мекемеси, конок үйлөр туристтерди кабыл алган жана тейлеген. Облустагы туризмдин уюштурулган секторунда эс алуучулардын саны 384 миң адамды түзгөн, бул 2020-жылга салыштырганда 1,4 эсеге көп.  Мындан сырткары, Ысык-Көл облусунун курорттук зонасынын уюштурулбаган секторунда (конок үйлөр жана үй чарбалар) 2022-жылы 800 миңден ашык адам эс алган же бул 1,2 эсеге көп. 

2022-жылы туристтик фирмалар аркылуу 11,4 миң адам жөнөтүлгөн, алардын 80 пайызы Кыргызстандын жарандары, ал эми 20 пайызы Кыргызстанда саякаттаган башка өлкөлөрдүн жарандары болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалыматтары боюнча 2022-жылы Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өткөн чет өлкөлүк жарандардын саны (жарандыгы бар өлкөлөр боюнча) 7 миллиондон ашкан. Кесип өтүүлөрдүн (келүүлөрдүн) негизги саны Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын жана Тажикстандын жарандарына туура келген.

2022-жылдагы жарандыгы бар өлкөлөр боюнча чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өтүүлөрдүн (келүүлөрдүн) саны 

 

Кыргыз милиционерлери машинасы бузулуп Бишкек-Ош жолунда калган Таиланддык туристтердин машинасын сүйрөп, өздөрүнө сый тамак алып беришкен

Таиланд жана Англиядан келген туристтер Кыргызстандын тоолу аймактарын кыдырып жүрүп, Ош-Бишкек унаа жолунун 451-чакырымында авто унаасы бузулуп, бир нече күндөн бери  унаасын оңдой албай туруп калышкан.

Аларды ЖКККББнын  Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери көрүшүп, бузулуп калган авто унаасын Таш-Көмүр шаарына чейин кошумча техника менен сүйрөп келип беришкен.

Ал эми,  туристтерге тамак-аш, суусундуктарды  алып беришкен.
Өз кезегинде  туристтер  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин көрсөткөн жардамын бийик баалап, рахматын айтып ыраазычылык билдиришкен.

Ала-Арча улуттук паркына туристтик борбор салынат

Туризм департаментинин жана Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын жетекчилиги туристтик тейлөө борбору салына турган жерди инвесторлорго көрсөттү. Бул тууралуу Туризм департаменти маалымдады.

Мекеменин маалыматына ылайык, туристтик тейлөө борбору – кафе, намазкана, даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борборду камтыйт.  Туризм департаменти туристтик борбор курулуучу жер кайсы инвесторлорго кандай шартта берилерин кабарлаган жок.

2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүп, капчыгайга бизнес объектилерди ачууну сунуштаган. Коомчулукта аймактын экологиялык жактан маанилүү экенин, жердин бизнес үчүн берилишин сындагандар болгон.

Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген. Ал жалпысынан төрт аймакка бөлүнүп, эс алуу, спорттук альпинизм зоналары баарына ачык. Жапайы жаныбарларды көбөйтүү, байкоо жана азыктандыруу аймагы корукка алынган.

Орусиялык туристтер Кыргызстанда орто эсеп менен 33 доллар коротот

Быйыл жайында орусиялык туристтер негизинен өз мекенинин курорттук жайларында эс алууга артыкчылык беришти. Дагестан, Камчатка жана Алтай туристтер эң көп барган аймактар катары белгиленди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги “Русский стандарт” банкынын иликтөөсүнүн негизинде билдирди.

“КМШ өлкөлөрү туристтик агым боюнча экинчи орунду алды. Бул өлкөлөргө барууда жогорку суроо-талапка ыңгайлуу баа саясаты, курорттук зоналар менен туристтик жайларга жетүүдөгү ыңгайлуу транспорттук байланыш маанилүү роль ойнойт”, – деп айтылат иликтөөдө.

Иликтөөгө ылайык, орто эсеп менен орусиялык турист сатып алуулар үчүн Өзбекстанда 6,8 миң рубль ( 110 АКШ доллары), Кыргызстанда 2 миң рубль (33,5 доллар), Казакстанда 10 миң рубль ( 170 доллар) коротот.

Мындан тышкары транспорттук кыйынчылыктарга карабай, орусиялык туристтер мурдагыдай эле Түркиянын деңиз курортторуна жана Мальдив аралдарына кызыгышат. Израиль, Греция менен Таиланд дагы саякат үчүн жогору суроо-талапка ээ үч өлкөнүн тизмесинде.

Кыргызстан шенген жана америка визасы бар чет элдик туристтерге визасыз режим киргизүүнү карайт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) шенген жана америкалык визасы бар туристтер үчүн визасыз режимди киргизүүнү карап чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 7-апрелде кабарлады.

Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев туристтик бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты.

Жыйынтыгында, Төрөбаев тийиштүү министрликкке туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун, бир айлык мөөнөттө Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын визалык режимдерин өз ара таануу боюнча маселени карап чыгууну тапшырды.

Экономика жана коммерция министрлиги туризм тармагын стимулдаштыруу боюнча программа иштеп чыкмай болду.

Кеңешменин жыйынтыгында туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлө турган болду.

Туризм департаментинин маалыматына караганда, бул тармактагы жоготуулар пандемия учурунда 80% жеткен. Тармактагы ишканалардын 15% жакыны жабылган. Ал эми 17-мартта кыргыз өкмөтү “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коому түзүлүп, анын уставдык капиталы 1 млрд. сом деп белгилен. Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.

Кыргызстанда учурда 61 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт. 2021-жылы 60 күндүк визасыз режимге уруксат берген өлкөлөрдүн санын дагы толуктаган. Ага Албания, Болгария, Вьетнам, Израил, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика мамлекеттери кирген. Бул мамлекеттердин жарандары виза албастан Кыргызстандын аймагында 60 күн жүрө алышат.

Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси өлкөнүн туристтик жана инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу максатында иш алып барып жатканын белгилейт.

Дагы тогуз өлкөнүн жарандарын Кыргызстанга визасыз киргизүү демилгеленүүдө

Бүгүн, 17-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды. Бул тууралу  парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында белгилүү болгондой мыйзам долбоордун негизги максаты Кыргыз Республикасынын туристтик жагымдуулугун арттыруу, ошондой эле өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү туристтик имиджин жакшыртуу экенин белгилеп: “60 күнгө чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасына визасыз киргенге уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине кошумча тогуз өлкөнү кошуу менен кеңейтүү сунушталууда”, – деди.

Алар :

Албания Республикасы,

Болгария Республикасы,

Вьетнам Социалисттик Республикасы,

Израиль Мамлекети,

Кипр Республикасы,

Түндүк Македония Республикасы,

Румыния Республикасы,

Таиланд Королдугу,

Мексикалык Кошмо Штаттары.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Видео - Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери Баткенден келген балдар менен кезигишти

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана туристтик милициянын кызматкерлери «Кырчын» жана «Барчын» балдар лагерлеринде болушуп, 28-30-апрель күндөрү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө болгон окуяларда жабыркаган Баткен облусунун балдары менен кезигишти.
Балдардын эң белгилүү фольклордук ырларынын бири болгон “Ай чыкты карачы” ырын, жолугушуунун катышуучулары балдар лагеринин сахнасында ырдашып, булутсуз балалык сезимин, аларга болгон тилектештигин жана балдар Кыргызстандын сыймыгы экендигин даңазалашты. Ал эми туристтик милициянын кызматкерлери балдарды келечекте укук коргоо органдарында иштөөгө кызыктыруу максатында, өздөрүнүн кызматы жөнүндө айтып беришти.
«Бул акция менен биз жаш муундарды тарбиялоодо чоңдордун маанисин баса белгилегибиз келет. Ал эми ыр адамдар үчүн эӊ бир чоӊ мотивация болуп саналат, бул жашоодон ырахат алууга, жакшы маанайда болууга жана башкаларга жылмаюу тартуулоого жардам берет», – деп белгиледи Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишев.
Жолугушуунун жүрүшүндө милиция кызматкерлери балдарга жайкы каникул учурунда негизги коопсуздук эрежелерин эскертип, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча сунуштарын беришти. Коштошуп жатып, балдар жайкы каникул күндөрү эч кандай окуясыз өтүшү үчүн, формачан келген меймандарга бардык коопсуздук эрежелерин сактоолору боюнча убадаларын беришти.

Меню