Menu

Фото – Премьер-министр Кубатбек Боронов: «Семетей» обсервациясындагы реанимацияда түзүлгөн шарттар адам өмүрлөрүн сактоого көмөк берет

Бөлүшүү:

«Семетей» обсервациясындагы реанимацияда түзүлгөн шарттар адам өмүрлөрүн сактоого көмөк берет. Мындай ишенимди Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Кубатбек Боронов «Семетей» обсервациясынын иши менен таанышып, көчмө жыйын өткөргөн учурда билдирди”, – деп өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

«Бүгүнкү күндө COVID-19 шектелген оорулууларды кабыл алып жаткан көптөгөн медициналык мекемелер өнөкөт оорусу бар бейтаптарды кабыл ала алышпайт. Учурда дал ушул «Семетей» обсервациясында көптөгөн сандагы, башкача айтканда, 600 ашуун  оорулуулар дарыланууда. Ошондуктан обсервациянын аймагында реанимация бөлүмү уюштурулган. Мында Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан да оорулууларды алып келүүдө», – деди Кубатбек Боронов.

Башкы реаниматолог Жамиля Чынгышова маалымдагандай, учурда реанимацияда 50 адамга эсептелген орун бар.

«40 жакын врач-реаниматологдор, ошондой эле клиникалык ординаторлор 4 сменада иш алып барууда. Реанимациялык блок бардык зарыл жабдуу менен жабдылган. Оорулууларды кычкылтек менен камсыздоо үчүн мында суюк кычкылтек концентраторлору жана өпкөнү дем алдыруучу аппараттар орнотулган. Реанимацияга дарты оорлошкон бейтаптар жаткырылгандыктан, жоготуулар да орун алууда. Медициналык кызматкерлер адам өмүрлөрүн сактоого колдон келген күч-аракетин жумшап жатат», – деп белгиледи реаниматолог Жамиля Чынгышова.

Өкмөт башчы зарыл болгон учурда кошумча күч тартылаарын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: