“Мен, Эмил Токтогонов, “Эр таймаш” федерациясынын башкы машыктыруучусу жана негиздөөчүсү жана КР Кулатуу федерациясынын президентимин, өзүм убагында Кыргызстандын желегин көтөргөн мушкер болгомун. Канчалаган дүйнөлүк чемпиондорду дайындадым”, – деп билдирди бүгүн, 19-майда белгилүү мушкер Токтогонов.
“Бир Сыймык Жапыкеев деген неме кухнясында олтуруп алып эле спортсмендерди короз, эрежесиз эр урушка барбагыла деп жатыптыр. Сыймык, сен кем акылсын, спортсмендер сага короз эмес. Сенин мээң тайкы болуп калган. Сен антип айтпашың керек. Сен улуттук көк бөрү оюнуна дагы асыла баштадың, мен жакында Нарын облусунун көк бөрү федерациясынын президенти болуп дайындалдым. Бул эмне деген тантык, көк бөрүгө барбагыла деп. Эмне деп тантып жатасын сен кухняңда олтуруп алып? Антип айтканың үчүн жооп бересин бир күнү! Биздин мушкерлерди короздорго теңеп”, – деди Эмил Токтогонов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ