Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 5-декабрда, менталдык арифметикадан “Super Champion” наамын алган Нурхан Таштанов менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Нурхан Таштановду жеңиши менен куттуктап, эстелик белектерди тапшырды. «Биз Кыргызстандын желегин дүйнөлүк мелдештерде көтөрүп жаткан Нурхан сыяктуу балдарыбыз менен сыймыктанабыз», — деди Сапар Исаков.
Ошондой эле, Өкмөт башчы келечектеги муунду, жаш таланттарды тарбиялоодо мугалимдердин эмгегин белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.
Нурхан Таштанов 1- октябрда Тайланддын Банког шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада биринчи орунду алып, «Super Champion» наамына татыган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ