Menu

Чыңгыз Айдарбеков Президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды

Бөлүшүү:

КР Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чынгыз Азаматович Президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды эске алуу менен кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Кадрдык курамды жашартуу мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамилелерди киргизүүгө, ар кыл тармактарда системдүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз түзүүгө өбөлгө болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: