Бүгүн, 23-октябрда өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 582 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 63, Ош шаарынан – 59 Чүй облусунан – 81, Ош облусунан – 127, Талас облусунан – 17, Нарын облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 29, Жалал-Абад облусунан – 86, Баткен облусунан – 113 катталган. Муну менен жалпысынан 54 588ге адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 324 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 47 050гө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек – 25, Ош шаары – 49, Чүй облусу – 25, Ош облусу – 101, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 10, Жалал-Абад облусу – 61, Баткен облусу – 48.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан (пневмонияны эске алганда) 4 адам каза болду. Баткен облусу – 1, Бишкек – 2, Ош облусу – 1, Жалал-Абад облусунан – 1. Алардын жалпы саны 1126га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ