Түркмөнстанда «Түркмөн Тилсимат» деп аталган жеке компаниянын Ашхабаддагы банкоматтарынын арасында кардарлардын акчасын уурдаган терминалдар бар экени айтылууда.
Ашхабаддын тургундарынын биринин айтымында, ал 27-апрелде «Түркмөн Тилсимат» жеке компаниясынын терминалы аркылуу телефон эсебине 5 манат салган. Бирок анын эсебине акча түшпөй, терминал дүмүрчөк берген эмес. Кардар компаниянын кеңсесине кайрылганда чынында эле аталган номурга акча салынганын ырасташып, бирок эмне себептен акча эсепке түшпөй калганын түшүндүрүп бере алышкан эмес. Кардардын эмне себептен дүмүрчөк берилбегендиги тууралуу суроосуна кагаздар чет өлкөдөн алып келинерин, учурда жок калганын айтышкан.
Ал буга чейин да аталган компаниянын терминалы аркылуу акча салганда ушундай эле абалга туш болгонун, бирок компанияга кайрылбаганын кошумчалады.
Мурдараак Ашхабаддын тургундары шаарда кардарларга накталай акча бербестен, «акча уурдаган банкоматтар» бар экенин билдиришкен. Мындай учур 10-апрелде «Түркмөнстан» банкынын бөлүмдөрүнүн биринде кеминде эки жолу катталган.
«Кардарлардын бири 800, экинчиси 620 манатын жоготту. Бирөөсү «Дайханбанктын», экинчиси «Түркмөнстан» банкынын карталарын колдонот. Алар банкка кайрылганда жазуу жүзүндө арыз сурашып, текшерүүнүн жыйынтыктары бир жумадан кийин белгилүү болорун айтышты», – деп жазган анда «Азаттыктын» түркмөн кызматы.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ