Menu

“Калкка онкологиялык жардам кɵрсɵтүү жɵнүндɵ” Мыйзамга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  “Калкка онкологиялык жардам кɵрсɵтүү жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр мыйзамдардагы карама-каршылыктарды четтетүү жана зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга атайын адистиктеги медициналык жана социалдык жардам кɵрсɵтүү чөйрөсүндөгү Өкмөттүн ыйгарым укуктарын аныктоо жана тактоо максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен «Калкка онкологиялык жардам кɵрсɵтүү жɵнүндɵ» Мыйзамынын бир топ ченемдерине редакциялык мүнɵздɵгү, тактоо иретиндеги ɵзгɵртүүлɵр киргизилген.

Ошондой эле Мыйзам менен Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардамдын субъекттери такталып, онкологиялык ооруларды азайтууга багытталган иш-чараларды каржылоо булактары – милдетүү медициналык камсыздандыруу каражатарынан жүргүзүү тууралуу ченем менен толукталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 95 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: