Кара-Балта шаарындагы эне-кыздын табышмактуу өлүмү иликтенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Кара-Балта шаарынын милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, окуя 5-декабрда Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында болгон. 71 жаштагы эне менен 40 жаштагы кызынын сөөгү үйүнөн табылган. Учурда бир үй-бүлөдөгү эки өлүмдүн чоо-жайы иликтене баштаган. Алар өз жанын өзү кыйганы, эч кимди күнөөлөөбөгөнү тууралуу кат жазып, калтырып кетишкен. Экөөнүн тең денесинен күч колдонуунун изи табылбаган эмес. Буга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ