Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Сот системасын толугу менен санариптештирүү колдон келет, бирок реформанын ийгилиги техникадан эмес, адамдык фактордон көз каранды”

Бөлүшүү:

«Сот системасын толугу менен санариптештирип, сот процесстеринин ачыктыгын камсыздоо колдон келет, бирок реформанын ийгилиги каражаттан эмес, техникадан эмес, эң биринчи кезекте, судьялардын ички абийиринен, инсандык тазалыгынан, адилеттүүлүгүнөн көз каранды», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйналышында. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы соттук реформаны баштаганда абдан катуу тоскоолдуктар болгонун белгиледи.

«Муну киргизгенге болбойт, мамлекеттик башкаруу системасына оорчулук алып келет, укук коргоо органдары деморализация болуп иштей албайт деген ар кандай кептер айтылган. Биз ошого карабай, киргиздик. Бир жылдан берки убакыт көргөздү — муну киргизгенибиз туура болгонун. Кандай реформа болбосун — абдан оор жүрөт, ага чоң каражат керек, кадрдык потенциал керек. Ансыз реформа алдыга жылбайт», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал соттук реформанын жүрүшүндө жетишкендиктер да, ошол эле мезгилде абдан көп кемчиликтер да бар экенин белгиледи.

«Биз аны жашырган жокпуз, ачык айтып, бардыгын биргеликте чечип жатабыз. Жарандык коом, бизге жардам берген донорлор, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт, Президенттин Аппараты — бардыгы чогуу иштеп, кемчиликтерди жоюу аракети болууда. Ушул бойдон кете берсек, бул реформа аягына чыгат. Бизде саясий эрк, сот системасын толугу менен санариптештирип, ага каражат табуу, бул реформаны аягына чыгаруу боюнча толук мүмкүнчүлүк бар. Тоскоолдуктар соттук реформаны ишке ашыра турган жетекчилерге байланыштуу. Айрыкча адамдык фактор, уюштуруу маселелери таасир этүүдө. Кайсы мекемеде, министрлик менен ведомстводо жетекчилик аракет кылып көңүл бурган болсо — реформалар жылып жатат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал сот системасын жана укук коргоо органдарын тазалабай туруп, реформаны ишке ашырууга, мамлекеттик бийликке ишеним камсыздоого мүмкүн эместигин, реформа сөзсүз аягына чыгаарын баса белгиледи.

«Аны саботаж кылгандардан, мүмкүнчүлүгү болуп туруп, ишке ашырбагандардан тазаланабыз, алар менен коштошобуз. Соттук-укуктук реформа биздин мамлекетке аба менен суудай керек. Муну менен экономика, инвестиция, мамлекеттин бүт тагдыры байланышкан», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: