Бул тууралуу Орусия ИИМинин башкалаадагы миграция маселелери боюнча башкармалыктын башчысы Дмитрий Сергиенко айтып чыкканын “МК” гезити жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, чет элдик жарандардын саны 15,4%га өсүп, 1,6 миллион кишини түзгөн.
Анын 1,4 миллиону же 86 пайызы – жакынкы өлкөлөрдүн, башкача айтканда, виза талап кылынбаган КМШ жарандары. Негизинен Өзбекстандан, Тажикстандан, Кыргызстандан жана Белоруссиядан келгендер. Виза менен келген алыскы өлкөлөрдүн жарандары – негизинен Кытай, Германия, Түркия жана Вьетнам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ