15-май күнү казак президенти Касым-Жоомарт Токаев Атырау облустук полициянын башчысы Аян Дүйсөмбаев кол алдында иштеген полиция кызматкерлеринин көзүнчө күлүк атты белекке алып, анын үстүнө коно минип, ары-бери бастырып, кубанып турган учурун чагылдырган видеотасма соцтармактарда тарагандан кийин бул фактыны кызматтык иликтөөнү Ички иштер министрине тапшырды. Бул тууралу казак басылмалары жазып чыгышты.
Кызматтык иликтөө аяктагандан кийин өзүн жупуну алып жүрө албаган полиция башчысына катуу чара көрүлөрүн убада кылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ