Кыргызстандагы мамлекеттик жумушта иштегендердин орточо айлыгы 16 563 сомду түзөөрү маалым болду. Мындай жыйынтык статистикалык маалымат жеке менчик жана мамлекеттик мекеме, уюмдарда төлөнчү маяналарды кошуп чыгарылган. Маалыматта айтылгандай 2019-жылдын январынан тарта октябрына чейин бир айлык орточо эмгек акы 4,2 пайызга өскөнү айтыпат. Мындан сырткары, жыл башынан бери расмий катталган жумушсуздардын саны 81,4 миңге жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1 пайызга өскөнү белгилүү болду.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ