Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Ташкентте Сауд Аравиясынын AJLAN BROS FAMILY компания өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу 18-декабрда биздин элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар Кыргызстандын текстиль тармагына инвестиция кылуу маселесин сүйлөшүштү. Арабдар пахта иштетип, даяр продукция чыгарган текстиль фабрикасын куруугу даяр экендиктерин билдиришти. Атүгүл продукцияны экспорттоого көмөк көрсөтүшөт.
Жолугушуу жыйынтыгында бул долбоорду жакынкы аралыкта жүзөгө ашыруу сүйлөшүлдү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ