Бүгүн, 25-декабрда боло турчу Кыргыз Республикасынын Президентинин маалымат жыйынына бардыгы болуп 188 журналист аккредитациядан өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык массалык маалымат каражаттарынан жана 28и — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган 15 чет өлкөлүк ММК өкүлдөрү.Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны Бишкек шаарында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ