Menu

Дональд Трамп: Кытай менен иштешүү жеңил эмес

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай менен иштешүү жеңил эмес экенин билдирди.

Кошмо Штаттардын лидери коронавирустун жайылышы тууралуу «Твиттерге» жарыялаган билдирүүсүндө: «Кытай менен иштешүү жеңил эмес. Биз жакында эле соода келишимине кол койгонбуз. Анын сыясы кургай электе дүйнө жүзү Кытайдан чыккан илдеттен жабыркап отурат», — деп жазды.

https://twitter.com/realDonaldTrump/status/1260578860992737285?s=20

Күн мурун Трамп Кытай менен АКШнын ортосундагы соода келишимин кайрадан карап чыгуу ниети жок экенин билдирген. ЖМКлардын маалыматына караганда, Бээжин соода келишимин жокко чыгарып, COVID-19 пандемиясы шартында Вашингтон менен өзүнө пайдалуураак макулдашуу түзүүнү көздөп жатат.

АКШ менен Кытай соода келишимине быйыл январдын ортосунда кол коюшкан. Документте Кошмо Штаттардан Кытайга мунай, газ жана көмүр импортун 200 миллиард долларга көбөйтүү, ошондой эле кытай товарларына карата америкалык бажы алымдарын төмөндөтүү каралган.

Трамп коронавирустун жайылышы үчүн жоопкерчиликтин бир бөлүгүн Кытайга жүктөөдө. Ал вирус Ухань шаарындагы лабораториядан чыккан болушу мүмкүндүгүн айтып келет. Кытай мындай божомолдорду четке кагууда.

АКШ дүйнөдө COVID-19 инфекциясынан эң көп жабыркаган өлкө болууда. Акыркы маалыматтар боюнча Кошмо Штаттарда коронавирус жуктургандардын саны 1,4 миллион кишиден ашты. Алардын ичинен 85 миңден ашык бейтап каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: