Бүгүн, 6-майда болжол менен саат 11.00 чамасында ИИМдин Академиясынын кызматкерлери милициянын полковниги З.Джоробеков жана милициянын подполковниги Э.Шинеев Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатып, 4-кичирайонундагы С. Каралаев көчөсүнөн адашып жүргөн болжол менен 3-4 жаштагы баланы таап алышкан. Бул тууралу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирет.
Ошол замат кызматкерлер Октябрь райондук ИИБна маалымат беришип, жыйынтыгында бала ата-энесине кайтарылып берилди. Баланын энеси саат 10.30 баштап аз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөндөн майнап чыкпагандан кийин гана Октябрь РИИБне кайрылышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ