Menu

Каптагаевден ачуу чындык: “Солтон-Сарыдагы чыр да АШАга барып такалат”

Бөлүшүү:

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Солтон-Сарыдагы чатак тууралуу пикирин билдирип, ал жерден экс-президент А.Атамбаевдин байланышын таап чыкты.

“Бизде “мамлекеттик менчик” деген “ээси жок мүлк” дегенди эле билдирип калганын, Атамбаевдин бийлиги учурунда Зилалиев сыяктуу “мыкчыгерди” дайындап коюп кен байлыктарга лицензия берүү иши ири коррупцияга айланып кеткенин моюнга алуусу керек өкмөт, ошондон тыянак чыгаруу да талап кылынат. Акаев-Бакиев заманындагы башаламандыкты Атамбаев токтотмок турсун, андан ары ашмалтайын чыгарганын элге жеткиликтүү түшүндүрүү дагы чукул аткарыла турган, саясий жагынан өтө маанилүү иш, антпесе «атамбаевчил» дегендер тондорун аңтарасынан кийип алышып, дароо элде элдин кызыкчылыгын колдогондорго айланып, өздөрү кылган кылгылыктардын баарын азыркы бийликке жаба салуусу толук ыктымал. Солтон-Сарынын чыры, дагы башка толгон токой байлыктардын чыры барып эле Атамбаевге такалаары талашсыз чындык…

Ошону менен катар жаратылыш байлыктарына, анын ичинде кен байлык, жер-суу байлык, токой жана жан-жаныбарлар байлыктарына карата мамиле түп тамырынан бери өзгөрүүсү зарыл… Бул байлыктардын ээси эл дегенге келгенибиз туура болот. Ар бир аймактын, айыл же шаардын жергиликтүү жамааттары менен коомдоштуктары ошол жердеги жаратылыш байлыктарына толук кандуу ээлик кыла баштаганда гана иш оң жагын карай жылат. Бишкекте отуруп алып байлыктарды бөлүштүрүүнү, туш келди сатууну токтотуу зарыл. Табигый байлыктарды, анын ичинде кен байлыктарды иштетүү биринчи кезекте жеригиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алып, аймактын өнүгүүсүнө кызмат кылышы керек. Мына ошондо гана жергиликтүү жамааттар менен коомдоштуктар колдойт, иштин илгерилешине кызыкдар болушат. Болбосо жомоктогу аюу менен дыйкан жармакташып дыйканчылык кылып, буудай, картөшкө айдап, анан бөлүшкөндөй эле болуп жатпайбы, «вершки нам, корешки вам» дегендей… Пайдасын башкалар көрүп, азабын жергиликтүүлөр тартып…”- деп жазды Эмилбек Саламатович.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: