Menu

Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Мариповдон авторлордун катына жооп

Бөлүшүү:

Ноокат аймактык ооруканасы республикадагы чоң ооруканалардын бири. Ооруканада 100 врач, 400 чакты орто жана 250 кенже медайым эмгектенет. Райондук оорукана бир жылда 25000 оорулууга диагноз коюп, изилдөөлөрдөн өткөрүп, айыктырып чыгарат. Материалдык техникалык базасы республикада жакшы деңгээлде.

Бардык корпустарда жакшы шарттарды түздүк жана ар бир палатага жылуу суу жана муздак суу киргизилди. Ар бир бөлүмдө медицина кызматкерлери үчүн башка туалет, оорулар үчүн башка туалет жана жуунучу жай иштейт. Жогоруда аталган туалеттер, жуунучу жайлар толук капиталдык ремонттон өткөн, талапка жооп берет. Оорулуулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ар бир оорулууга бир керебет, матрац, төшөнчү, шейшеп, жууркан берилет. Ар бир оорулууга тумбочка каралган жана муздаткычтар, медициналык аппаратуралар менен жакшы деңгээлде камсыздалган. Жылына заманбап аппараттар менен толукталып турат.

Республикада биринчилерден болуп чет элдик инвесторлор менен иштөө жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Айрыкча Швейцария мамлекети менен онлайн теле-консультация ачылып, ооруларга консультация жасоодо жана дарылоодо өзүбүздүн врачтар менен кеңешип айыктырышууда. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарынын күчтүү врачтары менен биргеликте пайдалуу телеконсультация үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.
Япония мамлекети бир канча аппаратураларды берип, жаш балдардын дарылануусуна жакшы жардам берип жатат. Ушундай эле кызматташуу Испания, Кытай, Австралия, Россия жана Казакстан сыяктуу мамлекеттер менен жакшы деңгээлде жүрүүдө. Башкача айтканда, акыркы 10 жылда 250 миллион сомдон ашуун суммадагы аппараттарды жана жабдууларды берди.

Аптекалар тууралуу. Оорукана ичинде 3 жеке менчик аптека киоскалары аренда төлөп иштейт. Алардын чыныгы менчик ээлери: Жолдошбаева Фарида, Матраимов Эржигит, Жолдошев Кутпидин. Бул жогоруда аталган инсандар бардыгы мага тууганчылыгы да, жердешчилиги да жок. Алардын ишкерлигине кийлигише да албайм жана мыйзам негизинде салык төлөп иштешет.

Төрөт үйүндө улук медайым болуп 15 жылдан ашуун мөөнөттө Тешебаева Айнура иштеп келди. Ал медициналык колледжди кызыл диплом менен бүтүрүп келип, аймактык оорукананын операция жасоого катышкан медайым болуп көп жыл иштеген. Төрөт үйүндөгү иштерге сапаттык жактан жакшыртуу максатында кош бойлуу аялдарга жана жаңы төрөлгөн балдарга жогорку деңгээлдеги жардам көрсөтүү үчүн мен баш врач болуп келгенге чейинки администрация ишке койгон. Бирок Тешебаева Айнура төрөт үйүндөгү иштерге жогорку сапаттагы жакшы иштерди уюштургандыгы үчүн, ар бир медкызматкерге тиешелүү талаптарын так, туура жана убагында аткарууга талаптарын койгондугу үчүн энелердин жана жаңы төрөлгөн балдарды тейлөө боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетишилген. Төрөт үйүнүн ушул жетишкендиктерин жаратууда Тешебаева Айнуранын талыкпас мээнети, жоопкерчилиги жана чоң салымы бар экенин эч бир кызматкер жокко чыгара албайт. А.Тешебаева инфекция бөлүмдө эч качан болгон эмес жана тескери жооп да болбогон. Ротацияда А.Тешебаева ЛОР бөлүмгө которулган. Ошол жерде үзүрлүү эмгектенип жатат. Баласы Талгат бухгалтерияда иштеп жатат. Ош технология университетинин экономика бөлүмүн бүтүргөн. Диплому бар. Ал эми Айнура Тешебаева эч кандай кадр саясатына кийлигише албайт жана кийлигише алган эмес.

Текстте көргөзүлгөн 3 врачты А.Тешебаева кетирди деген маалымат толук жалган. Атап айтканда:

1) Врач Нарматова Атырхан 2016-жылы иштөө үчүн айлык көп экен деп Москва шаарына которулуп, азыр ошол жерде иштеп жатат.

2) Врач Атаханова Айнагүл 2017-жылы бизде 6 ай эле иштеп, жолдун алыстыгынан кыйналып Кызыл-Кыя шаарына төрөт үйүнө которулуп кеткен. Ал врач Кызыл-Кыя шаарына жакын жашайт, ал эми Ноокатка 40 км. аралыктан каттачу.

3) Врач Примбердиев Жармамат Ноокат шаарында жеке менчик клиника ачып, бөлүнүп кеткен. Азыр ошол жерде өз клиникасында эмгектенет.

Мухаммед Акматов төрөт үйүндө врач, 2016-жылдан баштап төрөт бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Мухаммед Акматовдун кылмышкер экендиги тууралуу тастыкталган соттун чечими бизге келген жок, ошондуктан ал өз кызматында үзүрлүү иштеп жатат. Эл арасында кадыр-баркы чоң жана өтө тажрыйбалуу врач. Миңдеген аялдарды төрөтүп жана жүздөгөн операцияларды жасап келүүдө.

Марипов Улукбекти бул катка кошуусу өтө туура эмес көрүнүш. Жакшы өсүп келе жаткан жаш кыргыздын кадрларын ушинтип жок кылып алып, жакшы‘кадрга муктаж болуудабыз.

Бул жазылган авторлордун каты мурда укук коргоо органдарына да жиберилген болчу, текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Каттын автору Асамидин Марипов Ноокат аймактык ооруканасынын директору

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: