Menu

ИИМ: Алдамчылыкка айыпталып, 35 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

15-февраль күнү КР ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылык иш-аракеттерди жасоого шектелген 35 жаштагы Ж.У. аттуу жаранды кармашты. Бул тууралу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2015-жылдын аягында шаардын тургуну болгон ишкердин ишенимине кирип, 69 миң сомдук товарын алдоо жолу менен ээлеп алган. Шектүү башында ишкерди курулай сөздөр менен алдап, андан соң изин жашырып кеткен. 2019-жылдын февраль айында ички иштер органдарына жабырлануучудан арыз түшүп, анда алдамчылык фактысын көрсөткөн. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки иликтөө башталган. ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жогорудагы алдамчылык иш-аракетине Ысык-Көл облусунун 1984-жылы туулган Дж. У. аттуу жошоочусунун тиешеси бар экендигин аныкташкан.
КМКнын УККбнын маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Мурда ал опузулап талап кылуу беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2019-жылдын 15-февраль күнү тергөө тапшырмасынын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Дж.У. аттуу кармалып, ИИБге тергөө иштерин жүргүзүү үчүн жеткирилди. Сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: