Кечээ, 24-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районунда Кулатов айыл аймагындагы Баглен айылына жакын жайгашкан шахта суу каптап, 23 жаштагы К.А. аттуу жаран шахтанын ичинде калып калган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Куткаруучулар техниканын жардамы менен сууну сордуруп алып, саат 21:35те каза болгон адамдын сөөгүн алып чыгып, туугандарына тапшырышкан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ