Бул видеону социалдык тармактарга Тилек Осмонкулов аттуу мекенчил жигитибиз бөлүштү. Андагы видеодо 14 саат мурун, аты-жөнүн айтпаган орус улутундагы мекенчил жигитибиз кытайларга жерибизди алдырып койбойбузбу деп тынчсызданган. Анда ал жүрөгү Кыргызстан деп согорун, желеги бар, жери жок өлкөнүн катарына кирбейли деп бийликте отурган чоңдорду ойлонууга чакырык таштаган. Ал кыргыз тилинде кайрылуу жасаган.
Анда ал: “Эки-үч күндөн бери соцтармактарда ар кандай талкуулар жүрөт. Вотсап группаларда: “Кытай басып келатат, аларга жол жок, стоп!” – деп жүрөт. Бул аябай өкүнүчтүү нерсе. Бул кайрылуумду көргөн инсандардын арасында: “Сага эмне? Сен оруссуң!”, – деген суроо туулушу мүмкүн. Ооба, мен орус улутунун өкүлүмүн, бирок жандүйнөм кыргыз да. Жүрөгүм Кыргызстан деп согот. Бийликте отургандарга жиним келет да. Биздин өлкөбүздү алдырып ийишсечи? Желеги бар, жери жок өлкөнүн катарына кирип калбайлы. Андыктан бийликте отургандар ойлонгулачы! Жерибиз боюнча маселе кыргызга гана эмес, Кыргызстанга тиешелүү нерсе. Улутуң кайсы болсо дагы, өзүбүздүн жерибизди баарылап сактайлычы!”- деп бүтүргөн сөзүн.
Жерибизге тынчсызданган мекенчил жигиттин кайрылуусун өз кулагыңыздар менен угуп, өз көзүңүздөр менен төмөндөгү видеону көрүңүздөр:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ