Бүгүн, 3-январда КР Жогорку Кеңешинин депутаты Марлен Маматалиев Москвада пицца ташып иштеп жүрүп, орус блогери аркылуу элге таанылган эмгек мигранты Бекзат Жолдубай уулун Германияга сынаксыз жана бекер окууга жөнөтүүнү чечкенин билдирди:
“Инибизди бекер окууга жөнөтүүдөбүз.
Миллиондогон мигранттарыбыздын бири. Албетте жаштардын баары билим алса деген ойдомун. Бүгүн Бекзат Жолдубай уулунун үнү Кудайга жетиптир. Алланын буйругу менен Нурсултан экөөбүз кеңешип Бекзат инибизди өзү кыялдангандай чет өлкөгө окууга конкурссуз жөнөтүүнү чечтик.
Бекзаттын ата-энесине ушундай баланы тарбиялап өстүргөнүнө терең ыраазычылык билдирем! Бул албетте көптөгөн мигранттарыбыздын биринин окуясы, колдон келишинче баарына жардам берсек болот эле, бирок азыркы кыйын кырдаалга байланыштуу биздин жарандарыбыз чет өлкөлөрдө иштөөгө мажбур болууда. Бул убактылуу көрүнүш демекчимин, анткени келечекте Бекзатка окшогон жаштарыбыз чет өлкөлөрдөн билим алып келип Кыргызстаныбызды өнүктүрөөрүнө ишенем.
Келечекте Кыргызстандан миллион мигрант эмес миллион турист чет өлкөгө чыксын деген тилектемин”, – деп жазды Марлен Маматалиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ