Бүгүн, 22-мартта кечки саат 18:00гө Кыргызстанда таажывирусуна чалдыккан киши табылган жок. Буга чейин, 21-мартка карата вирус жуктурган 14 киши катталган. Бул тууралу бүгүн, 22-мартта брифингде КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Жалал-Абад облусунда катталган 8 бейтаптын экөөсүнүн абалы оорурак, кургак жөтөлүп, денесинин табы 38 градустан түшпөй жатат. Калган 6 бейтаптын абалы аларга салыштырмалуу жеңилирээк.
Алардан башка да Ош облусунда 3 бейтап, Баткенде 1, Бишкекте 2 бейтап дарыланып жатышат. Жалпысынан 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, карантинге алынды
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ