Бүгүн, 21-мартта КР Борбордук шайлоо комиссиясы 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону таажывирус пандемиясынана байланыштуу өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал боюнча калктын саламатчылыгын коргоо максатында кийинкиге жылдырууну КР Коопсуздук кеңешине сунуштаган.
Ал эми КР Президенти Сооронбай Жээнбеков баштаган КР Коопсуздук кеңешинин тар курамы бүгүн, 21-мартта 12-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоону токтото туруу чечимин кабыл алган.
Эсиңиздерге сала кетсек, 12-апрелде Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык жана республиканын 25 айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо белгиленген. Азыркы тапта үгүт кампаниясы башталып, саясый күрөш кызуу жүрүп жаткан. Бул шайлоолорго 22 партия катышуу ниетин билдирүүдө.
Бирок таажывирус пандемиясына байланыштуу коомчулук жана КР Жогорку Кеңешинин айрым депутаттары 12-апрелге белгиленген шайлоону токтото турууну сунуштап демилге көтөрүп башташкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ