Бильярддын “Динамикалык пирамида” жааты боюнча дүйнө чемпионаты Бишкек шаарынан Арча-Бешик жаңы конушунда курулган спорт комплексте аяктады. Чемпионатта 64 мыкты таш аткыч бир жумага жакын карсылдашты. Арасында кыргыздын үмүт арткан жаш спортчулары да болду. Бирок, Каныбек Сагынбаевден башкасы чейрек финалга чейин жетпеди. А Каныбек болсо жарым финалга бир кадам жетпей мүдүрүлдү. Төрт мыктынын арасында Сергей Тузов (Россия), Леонид Швыряев (Россия), Ильдар Вахитов (Россия) жана Алихан Каранеевдер (Казакстан) болуп, финалдык таймашта эки орус таш аткычы кездешти. Швыряев 7:2 эсебинде Тузовдун өпкөсүн үздү. А биздин Каныбек Сагынбаев 5-орунду камсыз кылды.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ