Бүгүн, 23-март саат 09:00гө карата Кыргызстанда таажывируска чалдыккан жаӊы учурлар катталган жок. Бул тууралу бүгүн, 23-мартта брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Кыргызстанда таажывирусу менен ооруган адамдардын саны – 14. Алар: 6 эркек, 8 аял. Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки бейтаптын абалы орточо оор деп аныкталган.
“Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан 1949-жылкы эркек-бейтап абалы оордоп, жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал эми аял жаран ошол эле оорукананын инфекциялык бөлүмүндө дарыланып жатат. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды” – деп билдирди Айнура Акматова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ