Нарында ушундай иш-чара өткөнүн тоолуу шаардын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кутурма менен эхиноккоз инфекцияларын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн.
Жолбун иттер менен мышыктарды “Таза Нарын” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери мергенчилик чарбасы менен макулдашып туруп атышууда. Атылган жандыктар “Карга-Жайлоо” акыр-чикир полигонунда көмүлдү. Жалпы жонунан 720 жолбун ит, 35 мышык жана 8 чөө атылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ