Өткөн жылдын соңунда Өзбекстандын Олий мажлисине (Мыйзам чыгаруу жыйынына) парламенттик шайлоо өтүп, улуту кыргыз окумуштуу Нодира Жаныбекова депутат болуп шайланган. Нодира айым 46 жашта. Ташкентте 1973-жылы төрөлүп, Гулистан мамлекеттик университетин аяктаган. Эмгек жолун методисттен баштап, тарых жана коом таануу мугалими болгон. Университетте мамлекеттүүлүк жана укук негиздери боюнча сабак берип келген.
Парламенттик шайлоого “Адолат” социал-демократиялык партиянын тизмеси боюнча катышкан. Нодира айым БШКдан №74 Янгиер шайлоо кругу боюнча катышып, добуштардын 74%ын алып утуп чыккан. Ал депутат болгону этникалык кыргыздардын да таламын талашарын жашырбай келет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ