Кечээ, 13-январь күнү Еврокомиссия Европа Биримдигине мүчө-мамлекеттердин аймагына учуп келүүгө тыюу салынган авиакомпаниялардын жаңы кара тизмесин жарыялаган. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыгышкан.
Тизмеде кыргызстандык 13 авиакомпания анын ичинде Air Kyrgyzstan да бар. Молдова өлкөсүнө таандык 7 аба жолдору да Европа Биримдигинин аймагынан учууга чектөө коюлган. Молдова Европа Биримдигине уча албаган биринчи Европа өлкөсү болуп калды.
Дүйнө жүзү боюнча жалпысынан 118 авиакомпания (көпчүлүгү Африкадагы авимкомпаниялар) эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп бере алышкан эмес. Эми алар Европа биримдигине мүчө-мамлекеттерге уча алышпайт.
Критерийлер БУУнун эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан коюлган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ