Бишкектен Стамбул шаарына эжесинин паспорту менен учуп кетүүгө аракет жасаган кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, эжесинин паспорту менен «Манас» эл аралык аэропортунан учуп кетүүгө аракет кылган 1997-жылы туулган А.Б. аттуу кыз чек арачылар тарабынан кармалган. Ал каттоо жүрүп жатканда колго түшүп, УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ